Бишкекте "Кыргызстандын топ модели" сынагынын жеңүүчүсү аныкталды. Сүрөт

Баш байге жана таажы үчүн 26 кыз ат салышкан.
Sputnik
БИШКЕК, 16-июн. — Sputnik. Бишкекте "Кыргызстандын топ модели-2022" республикалык сынагынын финалы өттү. Бул тууралуу Sputnik агенттигине сынактын уюштуруучусу Рыскүл Намазбекова билдирди.
Сулуулук конкурсунун финалы 15-июнда Бишкектеги банкет залдардын биринде болгон.
Баш байге жана таажы үчүн 26 кыз ат салышкан.
Айпери Муратова
Жыйынтыгында Айпери Муратова "Кыргызстандын топ модели-2022" наамынын ээси аталган.
Super Model Kyrgyzstan-2022 номинациясын Алтынай Жаныбекова аттуу сулуу жеңип алды.
Сонун! Miss Supranational сынагына катышкан кыргызстандык кыздын видеосу