БИШКЕК, 16-июн. — Sputnik. Кыргызстандык зыяратчылардын алгачкы тобу Медина шаарына келип, мейманканаларга жайгаштырылганын муфтият кабарлады.
Болочок ажыларды 2022-жылдагы ажылыкты уюштуруу штабынын мүчөсү Жоробай ажы Шергазиев тосуп алган. Андан соң 405 киши жайгаштырылган мейманкана ыйык Харам мечитинин жанында экени айтылды.
"Зыяратчылардын ден соолугу жакшы. Буюрса бардыгы көзөмөлдө. Керектүү дарылардын бардыгы бар", — деди коштоп келген дарыгер Нарынбек Акматов.
Ал эми ажылыкты уюштуруу штабынын жетекчиси Абибилла ажы Кадырбердиев 405 зыяратчыны коштоп келген ажы башчыларга жыйын өтүп, коопсуздук жана Сауд Арабия Падышачылыгынын ажылыкты аткаруудагы мыйзамдарын так сактоо керектигин түшүндүрүп, бул жаатта ар бир ажылык амалын аткаруу үчүн келген жарандар менен иш алып барууну тапшырганы айтылды.
Эске салсак, Сауд Арабиянын (САП) Ажылык жана умра министрлиги 2022-жылдагы ажылык сапар үчүн Кыргызстанга 2 766 орун бөлгөн.