Кыргызстандын Тажикстандагы элчилиги кол өнөрчүлүк, тамак-аш фестивалына катышты

Фестивалда Кыргызстандын туризми, маданияты тууралуу маалымат камтылган стенд тартууланган.
Sputnik
БИШКЕК, 16-июн. — Sputnik. Кыргызстандын Тажикстандагы элчилиги кол өнөрчүлүк, тамак-аш фестивалына катышты. Бул тууралуу ТИМдин маалымат кызматы кабарлады.
1 / 3

Кыргызстандын Тажикстандагы элчилиги кол өнөрчүлүк, тамак-аш фестивалына катышты

2 / 3

Иш-чара "Суу – 2018-2028-жылдарга туруктуу өнүгүү үчүн" аттуу экинчи эл аралык конференциянын алкагында уюштурулган

3 / 3

Ага Душанбе шаарындагы дипломатиялык корпустун өкүлдөрү, чыгармачыл топтор, конференцияга катышкан мамлекеттердин делегация башчылары барган

Иш-чара "Суу – 2018-2028-жылдарга туруктуу өнүгүү үчүн" аттуу экинчи эл аралык конференциянын алкагында уюштурулган. Ага Душанбе шаарындагы дипломатиялык корпустун өкүлдөрү, чыгармачыл топтор, конференцияга катышкан мамлекеттердин делегация башчылары барган.
Фестивалда улуттук тамак-аш, сувенирлер көрсөтүлүп, Кыргызстандын туризми, экспорттук потенциалы жана маданияты тууралуу маалымат камтылган стенд тартууланган.
Ысык-Көлдө июнь айында 20 миң спортчу катышкан фестиваль өтөт