Өлкө ичиндеги поезд жол киресинин жаңы тарифи айтылды

5 жашка чейинки балдардан жол кире алынбайт.
Sputnik
БИШКЕК, 16-июн. — Sputnik. "Кыргыз темир жолу" ишканасы өлкө ичинде каттаган поезддерге жол киренин жаңы тарифи бекитилгенин айтып, бааларын ачыктады.
Бишкек — Шопоков (Кант). Чоңдорго 20 сом, балдарга 6 сом;
Бишкек — Кара Балта (Токмок). Чоңдорго 56 сом, балдарга 20 сом;
Бишкек — Балыкчы. Чоңдорго 150 сом, балдарга 73 сом;
5 жашка чейинки балдардан жана колго көтөргөн жүктүн салмагы 36 килограммдан ашпаса акы алынбай турганы белгиленди.
Кошумча маалымат алуу үчүн (0312) 30-02-09, (0312) 92-68-54, (0312) 92-68-40 телефондоруна чалсаңыздар болот.
Кыргызстанда темир жол кантип курулган? Тарыхый ирмемдер