Бишкекте кыргыз-казак чегинде АКШ биолабораториясын курууга каршы митинг өтүүдө

2025-жылдын соңунда Казакстанда өтө кооптуу штаммдар менен иш жүргүзгөн лаборатория куруу пландалып жатат.
Sputnik
БИШКЕК, 16-июн. — Sputnik. Бишкектеги Максим Горький атындагы скверде Казакстандын Кордай районунда биолабораториянын курулушуна каршы митинг өтүп жатат.
1 / 3

Бишкектеги Максим Горький атындагы скверде Казакстандын Кордай районунда биолабораториянын курулушуна каршы митинг өтүп жатат

2 / 3

Митингге чыккандар биолабораториянын курулушуна нааразы болуп, объект Бишкектен болгону 80 чакырым аралыкта куруларын белгилешүүдө

3 / 3

Акцияга чыккан ондогон адам "Кыргызстандын чек арасында АКШнын биолабораторияларын курууга жол берилбейт", "Кордайдагы, биздин чек арага жакын жердеги биолабораториянын курулушун токтоткула" деген плакаттарды көтөрүп чыгышты.

Эске салсак, 2025-жылдын соңунда Казакстанда өтө кооптуу штаммдар менен иш жүргүзгөн лаборатория куруу пландалып жатат. Документке ылайык, лаборатория Жамбыл облусуна караштуу Гвардейский айылында пайда болот. Объектинин толук аталышы төмөнкүдөй: BSL-4 лабораториясы, кооптуу жана өтө кооптуу штаммдардын коллекциясы сакталган жер төлө.
Митингге чыккандар биолабораториянын курулушуна нааразы болуп, объект Бишкектен болгону 80 чакырым аралыкта куруларын белгилешүүдө.
Акцияга чыккан ондогон адам "Кыргызстандын чек арасында АКШнын биолабораторияларын курууга жол берилбейт", "Кордайдагы, биздин чек арага жакын жердеги биолабораториянын курулушун токтоткула" деген плакаттарды көтөрүп чыгышты.
РФ министрлиги: маймыл чечеги чыккан Нигерияда АКШнын биолабораториялары бар