Баткенде курал-жарак сакталган жай табылды. Сүрөт

Шектүү учурда Кадамжай РИИБинин убактылуу кармоочу жайында.
Sputnik
БИШКЕК, 16-июн. — Sputnik. Баткен облусунун Кадамжай районунда курал-жарак сакталган жай табылды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы кабарлады.
Баткен облусунун Кадамжай районунда курал-жарак сакталган жай табылды
Билдирмеге караганда, Кылмыш-жаза кодексинин 267-беренесинин 3-бөлүгү ("Куралды, ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү") боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында атайын иликтөө жүргүзүлгөн.
"Бул иш боюнча Кадамжай районунун Э.Р.Б. аттуу тургуну кармалып, жашаган жери текшерилген. Жыйынтыгында үйүнөн 222ден ашык ар кандай калибрдеги ок-дары, үч ок атуучу курал, бир Ф-1 гранатасы, 230 ок, АК-74 магазини, мылтык үнүн баскыч табылган. Шектүү Кадамжай РИИБинин убактылуу кармоочу жайына киргизилди", — деп айтылат маалыматта.
Учурда тиешелүү процессуалдык иш-аракеттер көрүлүп жатканы кошумчаланды.
УКМК: жер алдынан Өзбекстанга кеткен туннель казган аткезчи кармалды. Видео