Кой-Ташта Lexus бакты сүзүп, айдап бараткан 19 жаштагы кыз көз жумду. Видео

22 жаштагы жүргүнчү ооруканага жаткырылган.
Sputnik
БИШКЕК, 16-июн. — Sputnik. Чүйдүн Кой-Таш айылында 19 жаштагы айдоочу кыз автоунаасын башкара албай бакты сүзүп, көз жумду. Бул тууралуу ЖКККББнын маалымат кызматы билдирди.
Ага ылайык, 15-июнь күнү болжол менен саат 18:00дө Бишкек — Кой-Таш жолунда кырсык болду деген маалымат түшкөн. Жерине Аламүдүн районуна караштуу ыкчам иликтөө тобу барган.
"Анда Lexus RX330 үлгүсүндөгү автоунаанын айдоочусу түндүктөн түштүктү көздөй бара жатып, рулга ээ боло албай жолдун оң жак бетиндеги даракты сүзгөнү аныкталган. Мунун кесепетинен 19 жаштагы А.А.Д. аттуу айдоочу кыз көз жумган", — деп айтылат маалыматта.
Ал эми 22 жаштагы Т.Э.Т. аттуу жүргүнчү Аламүдүн районунун аймактык ооруканасына жаткырылганы кошумчаланды.
Экскаватор менен сууга кулап кеткен. Жети-Өгүздө жолчу көз жумду