Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Италия, Германия жана Франция лидерлери Украинага келишти

Телеканал Драги, Макрон жана Шольцтун поездде баарлашып келе жаткан сүрөтүн көрсөттү.
Sputnik
БИШКЕК, 16-июн. — Sputnik. Италиянын премьер-министри Марио Драги, Франция президенти Эммануэль Макрон жана Германиянын федералдык канцлери Олаф Шольц Украинага келишти. Бул тууралуу Италиянын RaiNews24 телеканалына шилтеме берип РИА Новости жазды.
Жаңылык окуган алып баруучу Европа лидерлери Украинанын аймагында экенин кабарлаган.
Телеканал Драги, Макрон жана Шольцтун поездде баарлашып келе жаткан сүрөтүн көрсөттү. Лидерлердин Киевге Польшадан келе жатканы болжолдонууда.
Үч жетекчинин Киевге келе турганын ишемби күнү украиналык жана франциялык маалыматтарга таянып Германиянын Bild am Sonntag гезити билдирген. Кийинчерээк лидерлер Украинага бейшемби күнү поезд менен келери белгилүү болгон.
Коопсуздук үчүн бул сапар тууралуу расмий маалымат таркатылган эмес.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Макрон: Россия күчтүү держава, аны жок кылып салуу саясатын колдобойм