Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Россияга каршы эмбаргодон улам Германияда он миңдеген адам ишсиз калганы турат

Евробиримдик санкциялардын алтынчы пакетин жарыялап, көмүр жана мунай импортуна акырындык менен эмбарго киргизүүдө.
Sputnik
БИШКЕК, 16-июн. — Sputnik. Россиядан мунай алууну токтотуу менен Германияда бир катар ишканалар жабылып, кесепетинде он миңдеген адам жумушсуз калары айтылууда. Бул тууралуу жергиликтүү Junge Welt гезитиндеги макалага шилтеме берип "Прайм" агенттиги жазды.
Мисалы, 2023-жылы Шведт шаарындагы мунайды кайра иштетүүчү заводу сырьенун жоктугунан улам ишин токтотот. Натыйжада заводдун 1,2 миң жумушчусу ишсиз калышы мүмкүн.
"Дагы ушул сыяктуу ишканаларда 2 миң адам, ал эми Чыгыш Германияда жайгашкан өнөр жай мекемелеринде он миңдеген жаран ишинен кол жууйт. Жергиликтүү саясатчылар мунай эмбаргосунун натыйжасында бүтүндөй аймакта ири кризис болуп, бул социалдык жарылууну жаратарын айтууда", — деп жазылат макалада.
Бранденбургдун премьер-министри Дитмар Войдкенин айтымында, эгер бийлик тургундарга жумуш орундары боюнча кепилдик бере албаса, анда эмбарго керекпи же жокпу деген маселени кайрадан карап чыгуусу керек.
Батыш Украинадагы аскерий операция башталгандан кийин Москвага каршы санкциялык кысымын күчөткөн. Евробиримдик буга чейин санкциялардын алтынчы пакетин жарыялап, көмүр жана мунай импортуна акырындык менен эмбарго киргизип жатат.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Сенатор Пушков: Батыш санкциялардан кыйналып жатканын мойнуна алуудан коркот