ЛЭР менен ДЭРде АКШнын биопрограммасынан кийин инфекция жуктургандар көбөйдү

Пентагондун биологиялык объектилери жайгашкан Украинанын 12 аймагында гепатит оорусунун А түрүнүн ондогон очогу катталган.
Sputnik
БИШКЕК, 16-июн. — Sputnik. АКШ Украинада биологиялык программаларды каржылай баштагандан бери Луганск Эл Республикасы менен Донецк Эл Республикасынын тургундары тез-тезден вирус жуктура баштады. Бул тууралуу Россиянын Куралдуу күчтөрүнүн Биологиялык, химиялык жана радиациялык жактан коргоо күчтөрүнүн жетекчиси Игорь Кириллов айтканын РИА Новости жазды.

"Пентагон украин долбоорлорун масштабдуу каржылай баштаган 2015-жылдан бери аскер кызматкерлеринин, ошондой эле ЛЭР жана ДЭР тургундарынын арасында жугуштуу оорулардын көп учуру катталган", — деп айтылат маалыматта.

Кириллов ДЭРдин Саламаттык сактоо министрлигинин докладына таянып, 2007-жылга салыштырмалуу 2016-жылы туляремия инфекциясын илештиргендердин саны 9,5 эсеге өскөнүн айткан. Ал аскер кызматкерлеринин арасында да ооругандар көбөйгөнүн белгилеген.
"НАТОнун документтеринде туляремия негизги биологиялык агенттердин бири катары каралат. Дал ушул козгогуч альянстын аскердик машыгуусунда Швециянын полигонунда колдонулган", — деди Кириллов.
Россиялык мекеменин маалыматы боюнча, 2017-жылдан бери Пентагондун биологиялык объектилери жайгашкан Украинанын 12 аймагында гепатит оорусунун А түрүнүн ондогон очогу катталган.
РФ министрлиги: маймыл чечеги чыккан Нигерияда АКШнын биолабораториялары бар