Быйыл окуу жылы 1-сентябрда башталат. Министрлик бир бүтүмгө келди

Былтыр окуу жылын 15-сентябрда баштап, 9-июнда аяктоо чечими кабыл алынган.
Sputnik
БИШКЕК, 16-июн. — Sputnik. Быйылкы окуу жылын 1-сентябрда баштайбыз. Бул тууралуу билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев парламентте билдирди.
Анын айтымында, министрлик ушундай бүтүмгө келген, эки жуманын аралыгында министрлер кабинетинин токтому чыгат.
"Мугалимдердин, жалпы коомчулуктун арасында сурамжылоо жүргүздүк. Окууну 1-сентябрдан баштоону көбү колдоп жатат. Эртең өкмөткө токтом долбоору кирет. Бир же эки жуманын ичинде окуу жылын кайра 1-сентябрдан баштоо жөнүндө токтом кабыл алынат", — деди министр.
Белгилей кетсек, былтыр август айында өкмөттүн токтому менен окуу жылын 15-сентябрда баштап, 9-июнда аяктоо чечими кабыл алынган.
Билим берүү министри мектеп ичинде телефон колдонууга тыюу салынарын айтты