Мизинцев: Батыш мамлекеттери Украинанын улуттук байлыктарын уурдап жатат

Генерал-полковник АКШ жана анын союздаштарынын мындай жоопкерчиликсиз аракеттеринен улам азык-түлүк коопсуздугу глобалдык масштабга жетиши мүмкүн экенин белгиледи.
Sputnik
БИШКЕК, 16-июн. — Sputnik. Батыш мамлекеттери гуманитардык жактан кам көрүмүш болуп Украинанын улуттук байлыктарын уурдап жатышат. Ушундай эле ишти Сирияда дагы жасаган. Бул тууралуу Сирия менен Россиянын ведомстволор аралык жыйынында координациялык штабдын жетекчиси, РФтин генерал-полковниги Михаил Мизинцев билдиргенин РИА Новости жазды.
"Азыркы тапта Батыш мамлекеттери Сирия менен Украинанын улуттук байлыктарын уялбастан чыгарып кетүүгө аракет жасап жатышат. АКШ жана анын союздаштарынын мындай жоопкерчиликсиз аракеттеринен улам азык-түлүк коопсуздугу глобалдык масштабга жетиши мүмкүн", — деди Мизинцев.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
АКШ: Батыш өлкөлөрүнүн өзүндө курал-жарак запасы калбай баратат