Бааны 3-класстан тарта коюу, жаңы сабак киргизүү. Министрликтин сунушу

Министрлик мамлекеттик билим берүү стандартын 50 пайызга чейин жаңылоого белсенип жатат.
Sputnik
БИШКЕК, 16-июн. — Sputnik. Билим берүү жана илим министрлиги окуучуларга бааны 3-класстан тарта коюуну сунуштоодо. Ал эми 1 жана 2-класста баалоонун башкача сапаттуу ыкмалары колдонулмакчы.
Мындан тышкары, башталгыч класста "Мен жана дүйнө" деген аталыштагы сабак киргизилип, ал өзүнө мекен таануу, табият таануу, этика жана турмуш тиричилигинин коопсуздук негиздери предметтерин камтыйт.
Жалпы жонунан министрлик мамлекеттик билим берүү стандартын 50 пайызга чейин жаңылоого белсенип жатат. Долбоор менен жакындан таанышууга болот.
Мамлекеттик стандарт тууралуу азыркы документ 2014-жылы кабыл алынган. Министрлик бул убакыт аралыгында билим берүү системасына болгон талап өзгөргөнүн жүйө келтирүүдө.
Баса, быйыл окуу жылы 1-сентябрда башталмай болду.
Билим берүү министри мектеп ичинде телефон колдонууга тыюу салынарын айтты