Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

"Азоттон" бошонуп чыккан аялдар жалданма чет элдиктер жүргөнүн айтышты. Видео

Чет элдик жана украиналык согушкерлер жай жарандарды жер төлөнү таштап чыгып кетүүгө уруксат берген эмес.
Sputnik
БИШКЕК, 16-июн. — Sputnik. Северодонецкидеги "Азот" химиялык комбинатында украиналык согушкерлер кармап турган жалданма кишилердин арасында чет элдиктер көп. Бул туурасында РИА Новостиге бомбадан баш калкалаган жайдан качып чыккан жай тургундар айтып беришкен.
Анна жана анын келини Алина "Азоттун" экинчи өткөөлү деп аталган жер төлөдө балдары менен үйүн снаряд талкалап кеткен соң эки айга жакын (5-апрелден тарта) баш калкалап турган. Алар чет элдик согушкерлерди көргөндүгүн айтып беришкен.
"Жалдангандар абдан көп. Саны канча экендигин айта албайм, бирок алар башкалардан обочолонуп жүрүштү. Негизинен бир-бири менен англисче жана башка тилде сүйлөшүп жүргөнүн көрдүм", — деп баяндаган Анна.
Чет элдик жана украиналык согушкерлер жай жарандарды жер төлөнү таштап чыгып кетүүгө уруксат берген эмес.
"Алар бизге сыртта кооптуу экендигин, кандайдыр бир тазалоолор жүрүп жаткандыгын айтышты. Кечке чейин эшикке чыкпагыла дешкен", — деп айтып беришти.
Анна менен Алинанын эркек туугандары азык-түлүк жеткирип берүү үчүн келгенде аларды "Азотко" киргизбей коюшкандыгын айтты. Бирок 10-июнда согушкерлердин көзөмөлү азайып, ал учурда аялдар чыгып кетүүгө үлгүрүшкөн.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Талкаланып, ээн калган "Азовсталь". Комбинаттын асмандан көрүнүшү