Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Киев делегациясынын башчысы: Россия менен сүйлөшүүдө Украинанын позициясы алсыз

Арахамия кандайдыр бир жол менен болсо да кырдаалды өзгөртүү керектигин айткан.
Sputnik
БИШКЕК, 16-июн. — Sputnik. Вашингтондо сапарда жүргөн Давид Арахамия РФ менен тынчтык сүйлөшүүлөрдө Украина позициясынын алсыз болуп жаткандыгын моюнга алды. Бул туурасында РИА Новости жазды.
Киев делегациясын башкарып жүргөн Арахамия сүйлөшүүлөр дээрлик токтоп калганын, эки тараптын өкүлдөрү жумасына бир-эки ирет телефон аркылуу гана байланышып жаткандыгын айткан.
"Биздин маңдай-тескей отуруп жүргүзгөн сүйлөшүүлөрүбүз чындыгында эле алсыз болуп жатат, андыктан мындай позицияда туруп сүйлөшкүбүз келген жок. Кандайдыр бир жол менен болсо да кырдаалды өзгөртүшүбүз керек", — деп Арахамиянын айтканын америкалык Axios порталы жазган.
Ал эки мамлекеттин ортосундагы кепке келүү токтоп калгандыгын, РФ менен Украина өкүлдөрү аптасына бир же эки ирет телефон менен сүйлөшүп тургандыгын айткан.
Арахамия муну менен катар эле Москва да, Киев да "бул күндөрү сүйлөшүү жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк жок экендигин даана сезип тургандыгын" кошумчалаган.
Россиянын Коопсуздук кеңешинин башчысы Николай Патрушев мурдараак АКШ, Британия жана НАТОнун башка өлкөлөрүнүн деструктивдүү күчтөрү Киевди курал-жаракка толтуруп жана нацисттик маанайын бекемдей бергени орус-украин сүйлөшүүлөрүнүн токтошуна алып келгендигин билдирген. РФ ТИМинин жетекчисинин орун басары Сергей Рябков тынчтык сүйлөшүүлөрдүн үзгүлтүккө учурашы Киевдин жана "Батыш кураторлорунун" жоопкерчилигинде экендигин айткан эле.
Лавров: Зеленский Москва менен диалогго олуттуу мамиле жасабай жатат