Түмөнбаев: президент кызматка сунуштаган адамды суроо бербей эле колдоп берели

Түмөнбаев добуш берүү бүткөндөн кийин да депутаттар талапкерге суроо берип жатканы үчүн нааразы болду.
Sputnik
БИШКЕК, 16-июн. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Түмөнбаев кесиптештерин министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары кызматына суроо бербей эле колдоп берүүгө чакырды.
Эл өкүлү талапкерди кароо башталары менен суроо-жоопсуз эле колдоп берүүнү сунуштап, маселе добуш аркылуу чечилген. Андан соң депутаттар Адахан Мадумаров, Жанар Акаев, Дастан Бекешев, Эльвира Сурабалдиева, Султанбай Айжигитов суроо узатып жооп алган.
Бирок буга Түмөнбаев нааразы болуп, жыйынды алып барып жаткан вице-спикер Улан Примовду айыптады.
"Президентибиз кызматка сунуштаган адамга суроо бербей эле колдоп берип, ишине узаталы. Ишке киришкенден кийин дагы чакырабыз, ошондо суроого жооп берет деген сунушум добуштан өттү эле. Регламент менен иштеп жатасыңарбы же тааныш-билиштик мененби? Бир күн "процедуралык маселе боюнча чыккандарга жооп бербейт" дейсиңер, азыр талапкер ар кандай суроого жооп берип жатат. Улан Бердибаевич, эмнеге сиз унчукпай отурасыз?! Сунуш өткөндөн кийин эмнеге сөз берип жатасыз? Башка убакта депутаттарга күпүлдөйсүз го", — деди Түмөнбаев.
Вице-спикер болсо микрофонго чыккан депутатка сөз берүүгө милдеттүү экенин айтты.
Натыйжада депутаттар көпчүлүк добуш менен Адылбек Касымалиевди министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары кызматына дайындоого макулдук берди.
Депутат: Теңиз Бөлтүрүк өзүн хан сезип, акчаны туш келди чачып жатат