Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

АКШ: Батыш өлкөлөрүнүн өзүндө курал-жарак запасы калбай баратат

Украинанын коргоо министринин орун басары Анна Маляр Киев Батыш өлкөлөрүнөн керектүү куралдын 10 пайызын гана алганын билдирген.
Sputnik
БИШКЕК, 16-июн. — Sputnik. АКШ менен анын союздаштары Киевге аскердик жардам көрсөтүүдө кыйынчылыктарга дуушар болууда. Анткени украин тарап сураган куралдардын тизмеси тынымсыз өзгөрүп жатат. Бул тууралуу АКШнын НАТОдогу өкүлү Жулианна Смитке шилтеме берип РИА Новости жазды.
"Биз Киевден дээрлик күн сайын өзгөрүп келип жаткан тизмени улам кароого аргасыз болуудабыз. Украинанын талабын союздаштар менен бирге талкуулап, кайсы өлкө эмне бере аларын сүйлөшөбүз. Киевдин каалоосу бат-баттан өзгөрүп тургандыктан бир нерсе кылуу өтө кыйын, татаал", — деди Смит.
Анын айтымында, АКШ Украинага колдо бар куралынын баарын берип бүттү. Батыштын башка өлкөлөрү дагы өз запастары калбай бара жатканын айтып, Украинага эми кандай жардам берерин аныктай албай убара тартууда.
Шейшембиде Украинанын коргоо министринин орун басары Анна Маляр Киев Батыш өлкөлөрүнөн керектүү куралдын 10 пайызын гана алганын билдирген. Ошол эле маалда АКШ президенти Жо Байден Киевге бир миллиард долларга жакын аскерий жардамдын жаңы траншын бөлөрүн жарыялады.
Май айында Байден Украинага коргонуу техникасын берүү механизмин жөнөкөйлөтүүнү караган мыйзамга кол койгон. Документ Украина менен Чыгыш Европанын башка өлкөлөрүнө аскердик жардам көрсөтүүнү жөнөкөйлөтүү максатында иштелип чыккан. Тактап айтканда "аталган өлкөлөргө Россия аскерлери басып кирген учурда президенттин айрым ыйгарым укуктарын колдонбостон эле коргонуу техникасын кредитке жана ижарага берүү мүмкүнчүлүгүн карайт".
Россия 24-февралдан бери Украинада атайын операциясын жүргүзүп жатат. Ошондон бери Батыш өлкөлөрү Украинага аскердик жардам көрсөтүп келет.
ЖМК: Украина бийлиги Россияга каршы санкциялар натыйжасыз экенин моюндады