Жайкысын кандай бут кийим менен унаа айдабаш керек? Адистин кеңеши

Эксперт аялдарга такалуу бут кийим менен автоунаа айдоого болбой турганын эскерткен.
Sputnik
БИШКЕК, 15-июн. — Sputnik. Жайкысын туура эмес тандалган бут кийим жолдо авариялык абалды жаратышы ыктымал. Бул тууралуу Sputnik радиосуна Улуттук автомобиль союзунун президенти Антон Шапарин билдирген.

"Жайында айдоочулардын көбү бутуна илип алма жеңил бут кийимдерди кийип алат. Ысыкта бут тердеген учурда мындай бут кийим тайгалак болуп калышы толук мүмкүн. Негизи эле бутка жакшы отурбаган бут кийимдин баары унаа айдоого тоскоолдук жаратат. Дагы бир эске алчу жагдай бар. Чуркоого ылайыкталган кроссовкилер бутка жакшы отурганы менен өтө ысыкта таманы педалдын желимине жабышып калышы мүмкүн. Мындай абалда унаа башкарган ыңгайсыз жана кооптуу", — деди адис.

Эксперт жайкысын унаа башкарууда тердетпей турган бут кийимди сунуштаган. Ал бутка жакшы отуруп, таманы тайгалак болбошу керек. Аялдарга такалуу бут кийим менен автоунаа айдоого да болбойт. Адис ыңгайлуулук үчүн автоунаага бир-эки бут кийим салып коюуну сунуштаган.
Кайсы эрежени бузган айдоочу күбөлүгүнөн ажыратылат? ИИМдин сунушу