Экскаватор менен сууга кулап кеткен. Жети-Өгүздө жолчу көз жумду

Кырсыктан каза тапкан айдоочу 35 жашта экени айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 15-июн. — Sputnik. Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунда экскаватор менен сууга түшүп кеткен Жол тейлөө ишканасынын кызматкери көз жумду. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы билдирди.
Ага ылайык, кырсык 14-июнда 17:00дөр чамасында болгон. Жол тейлөө ишканасынын кызматкери экскаватор менен Көк-Жайык жайлоосуна баруучу унаа жолдун 3-көпүрөсүнөн өтүп бара жаткан учурда карагайдан салынган көпүрө сынып кеткен. Натыйжада экскаватор Жети-Өгүз суусуна кулаган.
Жерине Каракол шаардык өзгөчө кырдаал башкармалыгынан төрт куткаруучу, Жети-Өгүз райондук ӨКБдан 19 куткаруучу жана облустук суу чарба башкармалыгынан бир кран тартылган.
"Саат 20:20да жүктөгүчтүн жардамы менен экскаватордун ичинен 35 жаштагы айдоочунун сөөгү чыгарылган", — деп айтылат маалыматта.
ӨКМ 13-июнь күнү катуу жааган жаандын кесепетинен Жети-Өгүз суусунун деңгээли көтөрүлүп, үч турак үйдү суу каптап кетүү коркунучу жаралганын кошумчалады.
Бишкекте "Ала-Тоо" аквапаркында 3-класстын окуучусу сууга чөгүп кетти