ЖМК: Украина бийлиги Россияга каршы санкциялар натыйжасыз экенин моюндады

Аткаминер Батыш өлкөлөрүнө санкцияларды күчөтүү, анын ичинде мунай менен газдан тышкары Россия болотуна дагы эмбарго жарыялоо талабын койду.
Sputnik
БИШКЕК, 15-июн. — Sputnik. Батыштын Россияга каршы санкциялары жетиштүү натыйжа берген жок. Бул тууралуу Украинанын экономика министринин орун басары Тарас Качканын Politico басылмасына берген маегине таянып РИА Новости жазды.
"Россия санкцияларга биз ойлогондон да көбүрөөк туруштук бере алат окшойт. Алгач санкциялардын кесепети барган сайын билине баштайт деп ойлогонбуз. Бирок чийки заттан түшкөн киреше Россиянын мамлекеттик бюджетинин туруктуулугун камсыздады көрүнөт", — деди Качка.
Аткаминер Батыш өлкөлөрүнө санкцияларды күчөтүү, анын ичинде мунай менен газдан тышкары Россия болотуна дагы эмбарго жарыялоо талабын койду.
Донбассты бошотуу боюнча Россиянын атайын операциясы башталгандан кийин Батыш Москвага каршы санкциялык кысымын күчөткөн. Кремль болуп жаткан окуяларды экономикалык согуш деп баалап жатат. Ал эми президент Владимир Путин АКШ менен Европанын негизги максаты миллиондогон адамдардын жашоосун начарлатуу экенин айтып келет.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Макрон: Россия күчтүү держава, аны жок кылып салуу саясатын колдобойм