БИШКЕК, 15-июн. — Sputnik. М-14 Одесса — Мелитополь — Новоазовск трассасында Камышеватка аймагы аркылуу өткөн көпүрөнү Украинанын Куралдуу күчтөрү чегинип бара жатканда талкалап кеткен. Эми аны кайра калыбына келтирүү иштери жүрүп жатат. Бул туурасында Sputnik Ближнее зарубежье телеканалы жазды.
Аталган объектини калыбына келтирүү боюнча долбоордун жетекчиси Алексей Зубенко иштин жүрүшү туурасында айтып берген.
"Учурда көпүрөнүн жараксыз жана кооптуу болуп калган жерлерин толугу менен бузуп жатабыз. Ал эми негизинен алганда аны калыбына келтирүүгө бир нече ай кетет", — деп айтып берди Зубенко.
Көпүрө март айынын башында талкаланган. Объектини москвалык жана донбасстык адистер калыбына келтирип жатканы айтылды.