БИШКЕК, 15-июн. — Sputnik. Россиянын Вашингтондогу элчиси Анатолий Антонов АКШны бир тууган орус-украина элдеринин ортосуна от салып, орус тилдүү калктын геноцидине шыкакчы болуудан баш тартууга чакырды. Бул тууралуу дипломаттын Telegram-баракчасындагы билдирүүсүнө шилтеме берип РИА Новости жазды.
Буга чейин АКШнын коргоо министринин орун басары Колин Кал украин аскерлери өлкөгө жеткирилчү америкалык HIMARS жана MLRS ракеталык системаларын колдонууга үйрөтүлүп жатканын айткан.
"Нацисттер шаарларга жана башка жарандык объектилерге кол салууда HIMARS жана MLRS куралдарын колдонсо, кесепети үрөй учурарлык болот. Андыктан АКШны орус тилдүү калкты геноцидге кептөөнү, бир тууган элдерди кайраштырууну токтотууга чакырабыз", — деди Антонов.
Элчинин айтымында, Пентагондун Киевге HIMARS жана MLRS куралдарын бериши алардын кырдаалды курчутууга даяр экенин жана маселени тынчтык жолу менен жөнгө салууга умтулбаганын көрсөтөт.
Буга чейин АКШ Киевге Россиянын аймагына сокку уруу үчүн колдонулбашы керек деген шарт менен HIMARS ракеталык системасын берерин айткан. Украинанын президенти Владимир Зеленский Украина бул талапты аткарат деп эл алдында убада кылган. Ошол эле маалда Жогорку Раданын депутаты Егор Чернев система Россия аймагына атылышы толук мүмкүн экенин айтып чыккан. Мындан соң Кремль Киев бийлигине ишеним жок экенин, анткени Зеленский Донбасстагы жаңжалды тынчтык жолу менен жөнгө салуу боюнча бир дагы убадасын аткарбаганын билдирген.
"Пентагондун аткаминери узак аралыкка учуучу системаларды Украинага жеткирүүгө макулдук бергени абдан тынчсыздандырат. Мындай сөздөрдү Вашингтондун мындан ары эскалацияга баруу ниети катары бааласа болот", — деди Антонов.
24-февралдан бери Россия Украинаны демилитаризациялоо боюнча атайын операция жүргүзүүдө. Ошондон тарта АКШ менен Батыш өлкөлөрү Украинага аскердик жардам көрсөтүп келет.