Токаев: Россияга салынган санкцияларга карабастан кызматташуу уланат

Токаев Владимир Путин менен телефон аркылуу сүйлөшкөн.
Sputnik
БИШКЕК, 15-июн. — Sputnik. Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Россияга салынган санкцияларга карабастан бул өлкө менен болгон экономикалык кызматташуу боюнча бардык макулдашуулар күчүндө экенин билдирди. Бул тууралуу Sputnik Казакстан жазды.
Токаев Владимир Путин менен телефон аркылуу сүйлөшкөн.
"Казакстан союздук милдеттеринен баш тартпайт", — деген өлкө башчысы.
Ал ошондой эле Батыштан республикага каршы санкциялар салынышы мүмкүн деген эскертүүлөр түшүп жатканын, буга байланыштуу "оор жана кылдат иш" жүргүзүлүп жатканын кошумчалаган.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Макрон: Россия күчтүү держава, аны жок кылып салуу саясатын колдобойм