Токаев ЕАЭБ боюнча талаш-тартышты татаалдаштырбоого чакырды

Токаев анын көз карашында ЕАЭБ абдан маанилүү уюм экенин белгиледи.
Sputnik
БИШКЕК, 15-июн. — Sputnik. Касым-Жомарт Токаев Евразия экономикалык биримдигинин Казакстан үчүн маанисине токтолду. Бул тууралуу Sputnik Казакстан жазды.
"Менин көз карашымда ЕАЭБ абдан маанилүү уюм. Интеграция катуу эмгекти жана өз ара компромиссти талап кылат. Эгер кайсы бир мамлекет өз кызыкчылыктарын коргобостон ар дайым жол бошотуп бере берсе, экономикасы алсыраса, жарандар "бул уюмдан эмне пайда" деп суроо бере башташат", — деди Токаев "Россия 24" телеканалындагы маегинде.
Ал ошондой эле бирикмедеги талаш-тартыштарды татаалдаштырып, тирешүүнүн кажети жок экенин белгиледи.
"Ооба, талаш-тартыш болуп турат. Отко май тамыза берүүнүн кандай кажети бар?" — деди Токаев.
Буга чейин Токаев Россияга салынган санкцияларга карабастан кызматташуу улана турганын билдирген.
Токаев: Казакстан менен Россиянын достугу кылымдарга уланышы керек