Шылуунга банктык картаны ачып алуу үчүн эки маалымат жетиштүү. Адистин эскертүүсү

Ууруга картанын номери менен CVV-кодду билүү жетиштүү.
Sputnik
БИШКЕК, 15-июн. — Sputnik. Финансылык коопсуздук боюнча адис Олег Лагуткин "Прайм" агенттигине шылуундар банктык картадан акчаны кантип чыгарып кетерин түшүндүрдү.
Анын айтымында, учурда дүйнө жүзү боюнча абдан көп адамдар каражатты сактоонун ишенимдүү жолу бул банктык карталар деп эсептешет. Бирок акчаны картадан чыгарып кетүүнүн жолдору абдан көп.
Мисалы, шылуундарга картанын номери (негизги бетинде көрсөтүлүп, бир нече цифрадан турат) менен CVV-кодду (картанын арткы бетинде, үч цифрадан турат) билүү жетиштүү.
"Бул маалыматтарды колдонуу менен смартфон аркылуу каалаган дүкөн же кафе-ресторандардын акысын төлөсө болот. Карта ээси акчасы уурдалып жатканын түшүнүп, банк аркылуу картаны бөгөттөгөнгө чейин шылуун каалаганын кыла алат", — деди адис.
Андыктан Лагуткин банктык картага байланыштуу кандай гана күмөн саноо болбосун дароо банкка кайрылып, бардык нерсени тактап алуу керектигин эскертет.
Улуттук банк "Элкарт" пайдаланууну сунуштады. Артыкчылыктары