Жаңы стадион курулат. Садыр Жапаровдун футболчуларды куттуктаган видеосу

Президент Кыргызстандын футбол боюнча курама командасынын Азия кубогуна катышуусуна байланыштуу бардык каржы маселелери өз убагында чечилерин белгилеген.
Sputnik
БИШКЕК, 15-июн. — Sputnik. Мамлекет башчы Садыр Жапаров Кыргызстандын футбол боюнча курама командасын Азия кубогу-2023кө чыгышы менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.
Белгилей кетсек, өлкө башчы кечээ, 14-июнда, Кыргызстан менен Тажикстандын футболдук беттешине барган. Анда эки команда тең чыгып, Кыргызстан да, Тажикстан да Азия кубогу-2023түн финалдык баскычына өтүшкөн.
"Беттеш аяктаган соң мамлекет башчы улуттук команданын кийим алмаштыруучу жайына кирип, ийгилиги менен куттуктады. Ал болуп өткөн бардык оюндардын жүрүшүндө спортчулар кооз жана укмуштуудай футбол көрсөтүп, кыргызстандыктарга чыныгы майрам тартуулаганын белгиледи. Садыр Жапаров машыктыруучулар курамына ыраазычылык билдирди", — деп айтылат маалыматта.
Өлкө башчы спортчулар менен баарлашууда Кыргызстандын футбол боюнча курама командасынын Азия кубогуна катышуусуна байланыштуу бардык каржы маселелери өз убагында чечилерин айткан.
"Президент ушул жылдын август айында Бишкекте 22,5 миң адам бата турган заманбап, жаңы стадиондун курулушу башталарын билдирди. Садыр Жапаров жаңы курула турчу стадион эл аралык мүнөздөгү ири иш-чараларды тийиштүү деңгээлде өткөрүүгө мүмкүн болгон көп функциялуу спорттук арена болорун белгиледи", — деп айтылат маалыматта.
Өз кезегинде улуттук курама команданын башкы машыктыруучусу Александр Крестинин жана команданын капитаны Валерий Кичин Жапаровго көрсөткөн колдоосу үчүн ыраазычылык билдирип, акыркы жылдары мамлекет тарабынан футболду жана жалпы эле өлкөдө спортту өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулуп жатканын айтышкан. Алар борбор калаада заманбап стадиондун курулушунун башталышын чыдамсыздык менен күтүп жатканын кошумчалашты.
Кыл чайнашкан беттеш. Кыргызстан — Тажикстан оюнунан кызыктуу сүрөттөр