Садыр Жапаров Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрчү уюмдун төрагасы менен жолукту

Уюмдун жетекчиси иш-чара эмне себептен Изник шаарында болорун да түшүндүргөн.
Sputnik
БИШКЕК, 15-июн. — Sputnik. Мамлекет башчы Садыр Жапаров Бүткүл дүйнөлүк этноспорт конфедерациясынын төрагасы Билал Эрдоганды кабыл алды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.
1 / 3

Мамлекет башчы Садыр Жапаров Бүткүл дүйнөлүк этноспорт конфедерациясынын төрагасы Билал Эрдоганды кабыл алды

2 / 3

Анда Изник шаарында өтө турчу IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына даярдык көрүү боюнча пикир алмашуу болду

3 / 3

Мамлекет башчы кыргыз тарап мындай эл аралык ири иш-чараны уюштурууга жана өткөрүүгө көмөктөшүүгө даяр экенин билдирди

Анда Изник шаарында өтө турчу IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына даярдык көрүү боюнча пикир алмашуу болду.
Мамлекет башчы кыргыз тарап мындай эл аралык ири иш-чараны уюштурууга жана өткөрүүгө көмөктөшүүгө даяр экенин билдирди. Бүткүл дүйнөлүк этноспорт конфедерациясынын төрагасы Билал Эрдоган жылуу кабыл алганы үчүн ыраазычылык билдирип, Конфедерациянын тарыхын түшүндүрдү. Анын айтымында, аталган уюм дал ушул Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүүнүн аркасында түзүлгөн.

"Билал Эрдоган Изник шаары Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын уюштурууга атайын тандалганын белгиледи. Анын айтымында, биринчиден, шаар көл жээгинде жайгашып Ысык-Көлдү эске салат. Экинчиден, анын аймагында биздин доордун экинчи миң жылдыгынын башында бул шаарды алуу учурунда курман болгон кыргыз жоокерлери үчүн эстелик мемориалы орун алган", — деп айтылат маалыматта.

Садыр Жапаров иш-чарага даярдык көрүүдө ийгилик каалап, Кыргызстан ага активдүү катышууга даярданып жатканын кошумчалады.
Эске салсак, IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары быйыл 29-сентябрдан 2-октябрга чейин Түркияда өтөт. Алгач иш-чараны Бурса провинциясындагы Бурса шаарында уюштуруу пландалган, бирок 2020-жылдын күзүндө коронавирус пандемиясынан улам жылдырылып, кийин Изник шаарына которулган.
Көчмөндөр оюндарында көк бөрү жана көкпар боюнча өз-өзүнчө турнир өтмөй болду