Радио

Сагынбаев: КамАЗды Кыргызстанда чогултууну сунуштадык

"Кыргыз индустриясы" ачык акционердик коомунун вице-президенти Жыргалбек Сагынбаев россиялык ишкерлер менен өндүрүштү өнүктүрүү үчүн кызматташуу мерчемделип жатканын белгиледи.
Sputnik
КамАЗды Кыргызстанда чогултуу сунушталууда. Бул тууралуу Жыргалбек Сагынбаев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, россиялык ишкерлер менен өндүрүштү жолго коюу боюнча аракеттер көрүлүүдө.
"Кыргызстан россиялык ишкерлерге айыл чарба багытында кайра иштетүүчү ишканаларды ачууну, гидроэнергетика, кен байлыктарды иштетүү жаатында долбоорлорду сунуштай алабыз. Мындан тышкары, машина куруу боюнча дагы сүйлөшүүлөр жүрүүдө. Россияда "КамАЗ" деген чоң корпорация тетиктерин сырттан ташып келчү. Санкциядан улам аны импорттой албай жатат. Ал эми "Кыргыз индустриясы" ачык акционердик коомуна 100дөн ашык КамАЗ керек. Ошондуктан аталган компанияга КамАЗды Кыргызстанда чогултууну сунуштадык. Тетиктерди чет өлкөдөн өзүбүз ташып келебиз, алар бизге технологиясын бериши керек. Мындан тышкары, тиричилик техникалары, машина куруу, электроника чогултуу мүмкүнчүлүгү бар. Башкача айтканда, соода-сатык менен эле жүрө бербей бирдиктүү өндүрүштөрдү түзүү аракеттери көрүлүүдө", — деди Сагынбаев.
Ошондой эле ал россиялык ишкерлер менен энергетика тармагында бир катар долбоорлор талкууланып жатканын кошумчалады.