Россиянын ИИМ башчысы Колокольцев "Достук" ордени менен сыйланды

Улан Ниязбеков учурда Россияда жумушчу сапары менен жүрөт.
Sputnik
БИШКЕК, 15-июн. — Sputnik. Россиянын ички иштер министри Владимир Колокольцев мамлекет башчы Садыр Жапаровдун атынан Кыргызстандын мамлекеттик сыйлыгы болуп эсептелген "Достук" ордени менен сыйланды.
ИИМдин маалымат кызматы билдиргендей, сыйлыкты учурда Россияда жумушчу сапары менен жүргөн Кыргызстандын ички иштер министри Улан Ниязбеков тапшырган.
Министр өлкө башчы россиялык министрди эки өлкө ортосундагы достукту бекемдеп, укук коргоо жана коопсуздук жаатындагы кызматташууну чыңдоого кошкон салымы үчүн сыйлык тапшырууну чечкенин белгилеген.
Андан соң министрлер бир катар маанилүү маселелерди талкуулашкан. Ниязбеков Кыргызстанда укук коргоо органдарынын иши акырындык менен санариптешип, мамлекеттик кызматтарды көрсөтүүдө жаңы деңгээлге чыга баштаганын айткан.
Мындан тышкары, ал Россиянын ИИМине караштуу жогорку окуу жайларынын билим берүү потенциалын белгилеп, ал жакка бюджеттик негизде кабыл алуу үчүн квоталарды көбөйтүүнү сунуштаган.
Укук коргоо органдарынын жетекчилери издөөдө жүргөн адамдарды аныктоо жана кармоо үчүн видеоаналитикалык системаларды колдонуу маселелерин да талкуулашкан.
Садыр Жапаров Венгриянын ТИМ башчысы Сийяртону "Достук" ордени менен сыйлады