"Россия сегодня" медиа тобу ЕАЭБдин жашыл экономикасы долбоорун баштады

Макалаларда ЕАЭБдин жашыл саясатынын максаттары жана милдеттери тууралуу баяндалат.
Sputnik
БИШКЕК, 15-июн. — Sputnik. "Россия сегодня" эл аралык медиа тобу Евразия экономикалык комиссиясы (ЕЭК) менен биргеликте ЕАЭБ өлкөлөрүндө жашыл экономиканы өнүктүрүү боюнча долбоорду ишке киргизди.
Долбоор медиа топтун флагманы болгон ria.ru сайтында, ошондой эле Sputnik эл аралык маалымат агенттигинин Армения, Беларусь, Казакстан жана Кыргызстандагы улуттук версияларында жарыяланат.
Макалаларда ЕАЭБдин жашыл саясатынын максаттары жана милдеттери тууралуу айтылат. Ошондой эле өнөр жай, айыл чарба жана экономиканын башка тармактарындагы негизги мыйзам чыгаруу, илимий, өндүрүштүк демилгелер жөнүндө баяндайт.
ЕАЭБ өлкөлөрү планетадагы климаттын өзгөрүшүнө каршы олуттуу аракеттерди көрүүдө. Биримдикти 2025-жылга чейин өнүктүрүүнүн стратегиялык багыттарынын бири жашыл экономиканы калыптандыруу жана ишке ашыруу концепциясын иштеп чыгуу болуп саналат.
Кошумчалай кетсек, 2021-жылдын 20-августунда ЕАЭБде климаттык күн тартибинин алкагында конкреттүү сунуштарды иштеп чыгуу үчүн атайын жогорку деңгээлдеги жумушчу топ түзүлгөн.
"Россия сегодня" – бул эл аралык медиа топ, анын миссиясы дүйнөдөгү окуяларды ыкчам жана тең салмактуу чагылдыруу, аудиторияга негизги окуялар боюнча ар кандай көз караштар тууралуу маалымат берүү. "Россия сегодня" медиа тобуна Sputnik эл аралык маалымат агенттиги жана радиосу, РИА Новости, "ПРАЙМ", InoSMI, Ukraina.ru, Baltnews жана TOK кирет. Ошондой эле негизги жаңылыктарды "Зубовский, 4" Telegram-каналынан көрүүгө болот.
Евразия экономикалык комиссиясынын фокусунда. Жашыл экономиканын перспективасы