Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Макрон: Россия күчтүү держава, аны жок кылып салуу саясатын колдобойм

Француз лидери Украина бийлиги Россия менен сүйлөшүүлөргө барууга аргасыз экенин айтты.
Sputnik
БИШКЕК, 15-июн. — Sputnik. Россия күчтүү держава жана ал Евразиянын бир бөлүгү бойдон кала бермекчи. Бул тууралуу Франциянын президенти Эммануэль Макрон украиналык кесиптеши Владимир Зеленскийге кайрылуусунда айтканын РИА Новости жазды.
"Мен президент Зеленский менен тынымсыз байланышып турам. Европалыктар Россия менен бир континентте турабыз. География ушунчалык өжөр нерсе экенин билип, бири-бирибизден эч жакка качып кутула албай турганыбызды жакшы түшүнөбүз. Андыктан мен бүгүн Россияга каршы согуш жарыялап, эртең аны жок кылып салуу керек деген саясатты колдобойм", — деди Макрон.
Ошондой эле француз лидери Украина бийлиги Россия менен сүйлөшүүлөргө барууга аргасыз экенин кошумчалады.
"Украинага жардам бере турган күн келет. Эки өлкөнүн ортосунда ок атышууну токтотуу келишими түзүлгөндө биз сүйлөшүүлөрдү баштайбыз. Украина бийлиги акыры Россия менен орток пикир издеши керек. Дал ошол кезде биз, Европа өлкөлөрүнүн лидерлери, коопсуздуктун кепилдиги катары сүйлөшүү столунда чогуу отурабыз", — деди Франциянын президенти.
24-февралдан бери Россия Украинаны демилитаризациялоо боюнча атайын операция жүргүзүүдө. Кремлдин маалымат катчысы Дмитрий Песков өткөн аптада Украина тарап кырдаалды жөнгө салуу боюнча сүйлөшүүлөрдөн баш тартканын айтты.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Элчи Антонов АКШны орус тилдүүлөрдүн геноцидин шыкактоону токтотууга чакырды