Си Цзиньпин: Кытай коопсуздук маселесинде Россияны колдоого даяр

Кытай төрагасы Россиянын президенти Владимир Путин менен телефон аркылуу сүйлөшкөн.
Sputnik
БИШКЕК, 15-июн. — Sputnik. Кытай Россия менен бирге суверенитет жана коопсуздук маселесинде колдоону улантууга даяр. Бул тууралуу Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпин Россия президенти Владимир Путин менен телефон аркылуу сүйлөшүү учурунда айтканын РИА Новости жазды.
"Кытай суверенитет, коопсуздук сыяктуу маанилүү маселелер боюнча Россияны колдоону улантууга жана эки өлкөнүн стратегиялык кызматташтыгын бекемдөөгө даяр", — деген Си Цзиньпин.
Ошондой эле ал Кытай тарап Россия менен БРИКС, ШКУ сыяктуу ири эл аралык жана аймактык уюмдардын алкагында координацияны тереңдетүүгө кызыкдар экенин билдирген.
Токаев: Казакстан менен Россиянын достугу кылымдарга уланышы керек