Кыл чайнашкан беттеш. Кыргызстан — Тажикстан оюнунан кызыктуу сүрөттөр

Бишкекте Кыргызстан менен Тажикстандын футбол командалары беттешип, 0:0 эсеби менен тең чыгышты.
Sputnik
Ушуну менен Азия кубогуна тандоо туру жыйынтыкталды. Бул эки өлкө үчүн тең намыс талашчу беттеш эле. Бирок турнирдин мааниси боюнча караганда формалдуу гана оюн болду. Себеби эки команда тең Азия кубогуна чыккан.
Командалар үч оюндун жыйынтыгы менен алтыдан упайга ээ болду. Тайпада киргизген голдордун саны эсептелгендиктен Тажикстан биринчи, Кыргызстан экинчи орунду ээледи.
1 / 14

Улуттук курама команданы Валерий Кичин жетектеп чыкты

2 / 14

Эки команданын тең оюнчулары кан-жанын аябай ойноп, айыгышкан беттеш көрсөттү

3 / 14

Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадион көптөн бери мынчалык толо элек болчу. Бул оюнга күйөрмандык кылууга 17 миңден ашуун адам келди

4 / 14

Мурунку беттештерде гол киргизип жаткан Виктор Майер бул ирет катыша алган жок. Чабуулга башында Мирлан Мурзаев чыгып жатты

5 / 14

Бул эки өлкө үчүн тең намыс талашчу беттеш эле

6 / 14

Бирок турнирдин мааниси боюнча караганда формалдуу гана оюн болду. Себеби эки команда тең Азия кубогуна чыккан

7 / 14

Кыргызстандыктардын чабуулу мыкты болгону менен тажикстандыктардын коргонуусу да жогорку деңгээлде экени байкалды

8 / 14

Кыргыз командасы улам чабуул жасап жатты, бирок эмнегедир таамай сокку болгон жок

9 / 14

Аренага жыкжыйма толгон адамдар “Ак шумкарларга” дем берип, тынымсыз сүрөп жатты

10 / 14

Кыргызстандын дарбазасын Эржан Токотаев коргоду

11 / 14

Оюн башталгандан кийин жамгыр жаап, саналуу мүнөттөрдөн кийин кайра басылды

12 / 14

Оюн башталганга чейин стадиондогу эл президент Садыр Жапаров келген соң “жаңы стадион” деп кыйкырышты. Ошол учурда алып баруучу ЖК төрагасы Талант Мамытов президенттин тапшырмасы менен август айында стадиондун курулушу башталарын айтканын элге жеткирди

13 / 14

Азия кубогу 2023-жылы жай мезгилинде болот. Азырынча кайсы өлкө өткөрөрү аныктала элек

14 / 14

Оюн тең эсеп менен бүткөнүнө карабастан майрам болду. Соңунда асманга салют атылды

Тема боюнча:
Кыргызстан менен Тажикстандын беттеши кандай өтүүдө. Онлайн-репортаж
Жеңиш! Кыргызстан — Мьянма беттешинин кызыктуу учурлары сүрөттө
Футбол: Кыргызстан — Сингапур оюнундагы кызыктуу ирмемдер