Депутат: "Кумтөр" Бишкектен жаңы кеңсе ижарага алып, айына 50 миң доллар төлөөдө

Ишкана кеңсесин Киев жана Панфилов көчөлөрүнүн кесилишиндеги имаратка көчүргөн.
Sputnik
БИШКЕК, 15-июн. — Sputnik. "Кумтөр голд компани" ишканасы Бишкек шаарындагы кеңсесин менчик имаратка көчүрүп, ижарасына айына 50 миң доллар төлөп жатат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Жеңишбек Токторбаев билдирди.
Анын айтымында, аталган ишкана мурда "Учкун" мамлекеттик мекемесинин имаратында жайгашкан. Теңиз Бөлтүрүк жетекчиликке келгенден кийин шаардын чок ортосундагы Киев жана Панфилов көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан имараттан аябай чоң кеңсе ижарага алышкан.
"Мен сураштырып көрсөм ижара акысы абдан кымбат экен. Айына 50 миң доллардын тегерегинде төлөйт турбайбы. Бул өтө туура эмес деп эсептейм. Анткени мамлекетте бош имараттар аябай көп, ошону ижарага алып иштетишсе болмок. Калган акчаны башка муктаждыктарга жумшасын да", — деди Токторбаев.
Ошондой эле депутат президенттин парламенттеги өкүлү Алмасбек Абытовдон ушул маселени көзөмөлгө алып коюшун суранды.
Бишкек шаардык соту Кумтөр боюнча 261,7 млрд. сомдук айыпты жокко чыгарды