Жаңы кеңсе, 50 миң долларлык ижара. "Кумтөр" депутаттын сынына жооп берди

Ишканада жана холдингде иштеген 500дөй адам жаңы кеңсеге көчүп келгени айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 15-июн. — Sputnik. "Кумтөр Голд Компани" ишканасы (КГК) Бишкекте жаңы кеңсеге көчүп, айына 50 миң доллар ижара акысын төлөп жатканы боюнча депутаттын билдирүүсүн тастыктады.
Буга чейин эл өкүлү Жеңишбек Токторбаев компания мамлекеттик кеңседен менчик имаратка кетип, ага ири суммада ижара төлөп жатканын билдирген.
1 / 3

"Кумтөр Голд Компани" ишканасы (КГК) Бишкекте жаңы кеңсеге көчүп, айына 50 миң доллар ижара акысын төлөп жатканы боюнча депутаттын билдирүүсүн тастыктады

2 / 3

КГКнын маалымат кызматы ишкана Бишкек шаарынын чок ортосундагы Панфилов,178 көчөсүндө жайгашкан аянты 5000 чарчы метр "А" классындагы кеңсени ижарага алуу боюнча келишим түзгөнүн билдирди

3 / 3

Негизи ишканада 345 адам иштейт. Ар кандай долбоорлорго тартылган адистерди кошкондо 500дөй адам жаңы кеңсеге көчүп келгени айтылды.

КГКнын маалымат кызматы ишкана Бишкек шаарынын чок ортосундагы Панфилов,178 көчөсүндө жайгашкан аянты 5000 чарчы метр "А" классындагы кеңсени ижарага алуу боюнча келишим түзгөнүн билдирди.
Негизи ишканада 345 адам иштейт. Ар кандай долбоорлорго тартылган адистерди кошкондо 500дөй адам жаңы кеңсеге көчүп келгени айтылды.
"Бул жерге "Кумтөр Голд Компанинин" тышкы менеджери болуп саналган "Улуу Көчмөндөрдүн Мурасы" улуттук холдингдин түзүмдөрү да жайгашат. Кеңсени көчүрүү бардык бөлүмдөрдү бир жерге бириктирүүгө, өндүрүштүк-чарбалык иштерди кеңейтүүгө, жогорку квалификациялуу адистерди тартууга байланыштуу. Ошондой эле келген меймандар жана кызматкерлер үчүн коопсуз, ыңгайлуу шарттарды түзүү, бөлүмдөр арасындагы функционалдык жана технологиялык байланышты туура уюштуруу болуп саналат", — деп айтылат маалыматта.
Компания "Учкун" мекемесинин имаратында 25 жыл иштегенин, андагы кеңселер эскирип учурдагы стандарттарга жооп бербей калганы белгиленди.
1 / 5

Учкун имаратындагы "Кумтөр Голд Компанинин" эски кеңсеси

2 / 5

Учкун имаратындагы "Кумтөр Голд Компанинин" эски кеңсеси

3 / 5

Учкун имаратындагы "Кумтөр Голд Компанинин" эски кеңсеси

4 / 5

Учкун имаратындагы "Кумтөр Голд Компанинин" эски кеңсеси

5 / 5

Учкун имаратындагы "Кумтөр Голд Компанинин" эски кеңсеси

"КГК менен Холдингдин жаңы кызматкерлерин жайгаштыруу маселеси жаралды. Аянтын кеңейтели десек "Учкун" кошумча кеңсе бере алган жок. Компания Бишкектеги ар кандай варианттарын караштырып чыкты. Баары көп параметрлер боюнча талапка жооп берген жок. Жайгашкан дареги ыңгайсыз, жер астындагы жана үстүндөгү автоунаа токтотуучу жайы жок, аянты жетишсиз, коопсуздук эрежелерине туура келбеген имараттар болуп жатты. Жаңы кеңсенин ижара акысы орточо рыноктук баа менен шартталганын белгилейбиз", — деп билдирди ишканадан.
Ошондой эле КГК бул кеңсе холдингдин макамын көрсөтүп, имиджине таасир этерин кошумчалады. Жолугушууларды жогорку деңгээлде өткөрүүгө, инвесторлорду жана потенциалдуу өнөктөштөрдү кабыл алууга мүмкүндүк берет деп эсептейт.
"Кумтөрдөгү" жер кыртышынын жылышы. КГК комментарий берди