Өкмөт башчынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошев иштен кетти

Тийиштүү жарлыкка өлкө башчы Садыр Жапаров кол койду.
Sputnik
БИШКЕК, 15-июн. — Sputnik. Арзыбек Кожошев министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары кызматынан бошотулду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.
Тийиштүү жарлыкка өлкө башчы Садыр Жапаров кол койду.
Мындай чечим Кожошевдин башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу кабыл алынганы кабарланды.
Саламаттык сактоо министринин орун басарлары бошотулуп, жаңылары дайындалды