Токаев: Казакстан менен Россиянын достугу кылымдарга уланышы керек

Мамлекет жетекчиси казактар менен орустардын менталитети окшош экенине токтолгон.
Sputnik
БИШКЕК, 15-июн. — Sputnik. Президент Касым-Жомарт Токаев "Россия 24" телеканалына маек куруп жатып Казакстан менен Россиянын ортосундагы достук алака кылымдарга сакталышы керектигин белгиледи. Бул тууралуу Sputnik Казакстан агенттиги жазды.
"Достук жана союздаштык мамиле толук кандуу сакталууда. Мен өлкө башчы катары биздин өлкөлөрдүн ортосундагы достук алаканын жылуу бойдон калуусуна болгон аракетимди жумшайм", — деди президент.
Мамлекет жетекчиси казактар менен орустардын менталитети окшош экенине да токтолгон.
"Казактар менен орустар бирге болушу керек деп эсептейм. Бишкектеги экономикалык форумда да биз баарыбыз евразиялык экенибизди, демек чогуу болушубуз керектигин айткан элем. Бул сөзүм үчүн ар кандай сынга да кабылгам. Бирок чынында эле биз Евразияда турабыз да, андыктан бирге болуубуз кажет. Менин пикиримде ушундай. Мындан эч утулбайбыз, баарыбыз утушта гана болобуз", — деди Токаев.
Президент, мындан тышкары, Казакстанда орус тилинин орду чоң өзгөрүүгө дуушар болбогонун, бул тил казакстандыктарга зарыл экенин кошумчалаган. Муну менен бирге Казакстандын ЕАЭБ жана ЖККУ уюмдарынан чыгуу ниети жок экенин да белгиледи.
Евразия экономикалык форуму
Садыр Жапаров: дүйнө олку-солку болуп турганда ЕАЭБ ичинде бекем бололу