Улуттук курамды жаш оюнчулар толуктап, алардын көбү чет өлкөлүк клубдарда ойноп, жакшы тажрыйба алып жатышат. Бул тууралуу Нурсултан Турусбеков Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, Азия кубогунун финалдык баскычына экинчи ирет чыгуу жакшы, бирок эл аралык турнирлерде жеңишти камсыздоо зарыл.
"Кыргызстан футбол боюнча экинчи ирет Азия кубогунун финалдык баскычына чыкты. Учурда улуттук команданын атаандаштары жана мелдештин өтө турчу жери белгисиз. Андыктан континенталдык чемпионатта кандай жыйынтык көрсөтөрүбүз анык эмес. Эгерде турнир бизге жакын коңшу өлкөлөрдө өтсө, мүмкүнчүлүктөрүбүз арта түшөт эле. Александр Крестининдин кол алдында "Ак шумкарлар" дагы бир жолу Азия кубогунда күчүн сыноого аттанышат. Ага карата азырынча кандайдыр бир сын пикир айтуудан алысмын. Алдыга коюлган тапшырмалар, пландар аткарылууда. Мындан тышкары, улуттук курамды жаш оюнчулар толуктап, алардын көбү чет өлкөлүк клубдарда ойноп, жакшы тажрыйба алып жатышат", — деди Турусбеков.
Ошондой эле серепчи эл аралык стандарттарга жооп берген стадионго муктаждык жогору экендигин кошумчалады.