Мэрия Бишкекке монорельс куруу долбоорун даярдап, болжолдуу маршрутун сунуштады

Сунушталган маршрут боюнча монорельс 12-кичи райондон башталып, "Дордой" базарына чейин түшүп айланып чыгат.
Sputnik
БИШКЕК, 15-июн. — Sputnik. Бишкекке монорельс куруу долбоору даярдалып бүттү, инвесторлор менен сүйлөшүү жүрүп жатат. Бул туурасында вице-мэр Бактыбек Абдиев парламентте билдирди.
Анын айтымында, монорельстин маршруту 12-кичи райондон башталып, "Дордой" базарына түшүп, андан ары Фучик көчөсүнө туташтырылып, Түштүк магистралга чейин айланып жүрө тургандай болуп түзүлгөн.
"Түштүк магистралдагы эки тараптуу жолдун ортосунда жашыл болуп турган жер монорельс курууга долбоорлоштурулган. Жакында мэр Эмил Абдыкадыров инвесторлор менен жолукканда ушул маселени көтөрдү. Биз дагы долбоорду даярдап койдук. Маселени карай баштадык", — деди Абдиев.
Белгилей кетсек, буга чейин Түркиянын Sky Ray Ve Оto Yedek Parça Ekipmanlari Üretim Sanayi A.Ş компаниясы борбор калаага монорельс курууну пландап, жерлерди карап чыкканы маалымдалган.
Бишкекке монорельс куруу пландалууда: артыкчылык жана кемчиликтери