Бишкекте газ өчсө, электр жарыгына күч келбейби? "Түндүк электрдин" жообу

20-июндан тарта бир айга чейин шаардын борбордук бөлүгүндө көгүлтүр от жок болот.
Sputnik
БИШКЕК, 15-июн. — Sputnik. Ордо калаада бир айга газдын өчүрүлүшү электр түйүндөрүнүн ишине күч келтирбейт. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине "Түндүк электр" ишканасынын маалымат кызматы кабарлады.
Эске салсак, "Газпром Кыргызстан" ишканасы Бишкектин ири бөлүгүндө газ бир айга өчүрүлө турганын билдирген.
Газ жок боло турчу район Осмонкул, Лев Толстой, Бейшеналиева (Ала-Арча дарыясы), Малышев, Касымалы Баялинов (ЧЧК), Журнал көчөлөрү жана Жибек Жолу проспектиси менен чектелет.
Ишкана эскирген газ түтүктөр менен орнотулган жабдуулардын алмаштырыларын, бул күз-кышка кам көрүлө турган иш-чаралардын бири экенин белгилеген.
Жапаров: Кыргызстан Кытайга электр кубатын сатууга ниеттенип жатат