БИШКЕК, 15-июн. — Sputnik. Бейшембиде күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу өлкөнүн тоолуу райондорунда сел жүрүшү мүмкүн, дарыяларда суунун дэңгээли көтөрүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Талас өрөөнүндө +26…+31, Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында +28…+33, Ысык-Көл, Нарын облустарында +19…+24 градусту көрсөтөт.
Күндүн табы Бишкек жана Ош шаарларында +31…+33 градус болот.