Баткенде Тажикстандын милиция кызматкери баңгизат менен кармалды. Видео

Кылмыштуу топ Тажикстандан Кыргызстанга, андан соң Казакстанга баңгизаттын ири партиясын ташып сатуу менен алектенген.
Sputnik
Баткен облусунда 33 килограммдан ашык баңгизат менен Тажикстандын милиция кызматкери жана дагы эки жараны кармалганын ИИМдин маалымат кызматы билдирди.
Билдирмеге караганда, ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын өкүлдөрү Тажикстандан Кыргызстанга, андан соң Казакстанга баңгизаттын ири партиясын ташып сатуу менен алектенген улуттар аралык баңгитоптун ишмердүүлүгүнө бөгөт коюшкан. ИИМ кызматкерлери кылмыштуу топтун лидерин аныктап, бир жыл бою жүргүзүлгөн атайын операциянын натыйжасында улуттар аралык баңгитоптун дээрлик бардык мүчөсүн колго түшүргөн.
"Кармалгандардын бирөө Кыргызстандын аймагы аркылуу баңгизат ташуу жана аткезчилик менен алектенген Тажикстандын милиция кызматкери болуп чыкты. Мындан тышкары, кылмыштуу топтун уюштуруучусу катары Тажикстандын 62 жаштагы жараны, анын 40 жаштагы шериги колго түшүрүлдү. Мыйзамсыз жүгүртүүдөн 11 килограмм 299 грамм апийим, 21 килограмм 942 грамм гашиш табылган. Баңгизаттын жалпы салмагы 33 килограмм 241 граммды түзөт", — деп жазылат маалыматта.
Азыркы учурда баңгизат менен алектенген бул кылмыштуу топтун башка катышуучуларын жана аларга тиешеси барларды аныктоо иштери уланып жатканы айтылды. Кармалгандар Бишкек шаарындагы №1 тергөө абагына киргизилген. Иликтөө иштери жүрүп жатат.
Тема боюнча:
ФСБ: Афганистандан Борбор Азияга чыккан баңгизаттын көлөмү эки эсе көбөйдү