БИШКЕК, 15-июн. — Sputnik. Азия кубогу-2023 оюнуна катыша турган 24 мамлекеттин тизмеси расмий бекитилди. Бул тууралуу Кыргыз футбол союзу билдирди.
Белгилей кетсек, футболдук беттеш 2023-жылы 16-июндан 16-июлга чейин Кытайда болмок. Бирок коронавирус кырдаалынан улам башка мамлекетке өткөрүп берилген. Кайсы өлкөдө болору октябрда айтылат.
Командалардын тизмеси:
Австралия;
Япония;
Иран;
Ирак;
Түштүк Корея;
Ливан;
Палестина;
Оман;
Кытай;
Катар
БАЭ;
Сауд Аравия;
Вьетнам;
Сирия;
Иордания;
Өзбекстан;
Индия;
Бахрейн;
Тажикстан;
Таиланд;
Малайзия;
Кыргызстан;
Гонконг;
Индонезия.
Кыргызстандын курама командасы Азия кубогунда экинчи ирет ойногону турат. Алгачкы жолу 2019-жылы БАЭде өткөн футболдук мелдешке катышкан. Ата мекендик спортчулар финалдын 1/8 стадиясында БАЭ командасына утулуп калган.