БИШКЕК, 15-июн. — Sputnik. Бишкекте Жогорку Кеңештин имаратынын алдына аялдардын укугун коргоо боюнча митинг болуп өттү. Анын катышуучулары депутат Шайлообек Атазовдун "антиконституциялык депутаттык демилгесине" каршы чыгууда.
Митингчилерге депутаттар Шайлообек Атазов, Марлен Маматалиев жана Айбек Осмонов чыгышты. Бирок чогулгандар "Мандатты тапшыр!", "Уят!" деп кыйкырып, аларды сүйлөтпөй коюшту.
Эске салсак, Шайлообек Атазов парламенттин соңку жыйынында 18-20 жаштагы кыздардын чет өлкөгө чыгуусуна чектөө киргизүүнү сунуштаган. Анын пикиринде, алар чет өлкөгө ата-энесинин коштоосунда же турмушка чыккандан кийин гана барышы керек. Эл өкүлү муну миграция тармагындагы көйгөйлөр менен байланыштырган.