Bloomberg: АКШнын ыксыз санкцияларынан улам бизнес айласын таппай турат

Американын миңге жакын компаниясы Россиядагы ишмердүүлүгүн толук же жарым-жартылай токтотууга аргасыз болгон.
Sputnik
БИШКЕК, 15-июн. — Sputnik. АКШ администрациясы Россияга каршы санкцияларды көзөмөлдөй албай калды. Натыйжада бул бизнестин башына түшкөн түйшүк болуп жатканын Bloomberg басылмасындагы макалага шилтеме берип РИА Новости жазды.
Басылманын айтымында, Вашингтон алгач ири бизнес Россиядан чыгып кетүүгө даяр экенине кубанып жаткан. Бирок кийин күтүлбөгөн көйгөйлөр жаралган. Мисалы, жеткирүү чынжырлары үзүлүп, экспортко кетчү ири көлөмдөгү эгин камсыздандырылбай жатат.
"Жо Байдендин администрациясындагы айрым кызматкерлер санкциялар Кремлге, президент Путинге тоскоолдук болгондун ордуна карапайым россиялыктарга көбүрөөк зыянын тийгизип жатат деп айтууда. Ага карабай Ак үйдүн санкцияларын жумшартуу ниети байкалбайт", — деп жазылат макалада.
Йель университетинин (АКШ) изилдөөлөрүнө караганда, Американын 1 000ге жакын компаниясы Россиядагы ишмердүүлүгүн толук же жарым-жартылай токтотууга аргасыз болгон.
Ошол эле учурда Байдендин администрациясы айыл чарба жана ушул сыяктуу тармактарда иш алып барган компанияларга Россиядан жер семирткичти тымызын алууга көз жумуп, атургай кээде кубаттап жатканы айтылды.
Мындан тышкары, макалада Россия рыногунан чыгып кеткен компанияларга кайтып келүү өтө татаал болору эскертилди. Анткени алардын ордун кошумча салык төлөбөгөн россиялык ишканалар ээлеп калышты. Демек, АКШ акырындык менен бул жаатта күчтөн тая баштады.
Европалыктарга катаал мезгил жакындап келе жатканын эскертишти