Жалал-Абадда 11 күн мурда үйдөн чыгып кеткен өспүрүм изделип жатат

Ал ушул жылдын 3-июнь күнү саат 10.30дар чамасында үйүнөн чыгып кеткен боюнча кайткан эмес.
Sputnik
БИШКЕК, 14-июн. — Sputnik. Сузак районунун Винсовхоз айылынын 15 жаштагы тургуну Абдумалик Султанбаев изделип жатат. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук милициясынан билдирди.
Ал ушул жылдын 3-июнь күнү саат 10.30дар чамасында үйүнөн чыгып кеткен боюнча кайткан эмес.
Белгилери: бою 140-150 сантиметр, арыкчырай. Чачы сары, узун, ак жүздүү. Бир аз кекечтенип сүйлөйт.
Кийген кийимдери: ак түстөгү футболка, көк түстөгү шорта, кара түстөгү кроссовка.
Анын жүргөн жерин билгендер 03722-7-39-90, 0553 780078, 0771 936070 номерлерине же 102 аркылуу милицияга кабарласа болот.
Бишкекте эки жылдан бери дайынсыз болуп жаткан Калия Калеева изделүүдө