БИШКЕК, 14-июн. — Sputnik. КР президентинин Баткен облусундагы чек арага жакын айылдарды калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча атайын өкүлү Р.М.Т. жасалма диплом колдонгон деп шектелүүдө. Бул тууралуу УКМКдан кабарлады.
Бул инициалдарга президент тарабынан май айында дайындалган Мамыржан Рахимов туура келүүдө.
Иликтөө иштеринин жүрүшүндө Рахимов 2004-жылы Баткен мамлекеттик университетинде окуганы тууралуу жасалма академиялык аттестат аркылуу Жалал-Абад мамлекеттик университетинин юридика факультетине мыйзамсыз өткөнү аныкталган.
"2005-жылы Ош мамлекеттик юридикалык институтунун 6-курсуна которулган. Жасалма академиялык аттестат жогорку билим тууралуу диплом алууга негиз болгон", — деп айтылат билдирүүдө.
Аталган факты боюнча УКМКнын Баткен облусу боюнча башкармалыгынын тергөө бөлүмү тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 379-беренеси ("Документтерди жасалмалоо") боюнча кылмыш иши козголгон.
Учурда тергөө иштери уланууда.