БИШКЕК, 14-июн. — Sputnik. Кыргыз-тажик чегинде чек арачылар ортосунда атышуу болду. Бул тууралуу УКМКдан кабарлашты.
Саат 06:50-07:00 чамасында Баткен облусунун Баткен районунун Булак-Башы тилкесинде Тажикстандын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин "Кех" чек ара заставасы тараптан Кыргызстандын "Булак-Башы" чек ара заставасын көздөй ок атылган. Буга жооп катары кыргыз тарап да тажик посту тарапка ок чыгарган.
“Кыргызстандын Баткен облусу боюнча чек ара өкүлү менен Тажикстандын Согд облусу боюнча чек ара өкүлү телефон аркылуу сүйлөштү. Окуя болгон жерге тараптардын чек ара отряддарынын жетекчилери жөнөп кетишкен”, — деп айтылат билдирүүдө.
Анткен менен саат 07:50дө тажик тарап гранатомет жана минометторду колдонуу менен кайрадан ок чыгарып, саат 8:10до токтогон.
Ушул тапта тараптардын чек ара өкүлдөрүнүн жолугушуусу өтүп, атышуунун себептерин тактоо жана кырдаалдын курчушуна жол бербөө иштери жүрүп жатат.
Саат 8:40ка карата мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесиндеги кырдаал курч деп бааланууда.