Кримтөбөл "Женго" соттон акталып, абактан чыкты

Өкүмгө нааразы тарап 30 күндүн ичинде Ош облустук сотуна апелляциялык тартипте даттанууга укуктуу.
Sputnik
БИШКЕК, 14-июн. — Sputnik. Кара-Суу райондук соту кылмыш жолу менен табылган кирешелерди адалдаштырууга айыпталган "Женго" каймана аты менен таанымал Кадыр Досоновду актады. Бул тууралуу Ош облустук сотунун маалымат катчысы Айпери Туратбек кызы билдирди.
Мындай чечим бүгүн, 14-июнда, кабыл алынды.
Маалыматка караганда, Жазык кодексинин 207-беренесинин 3-бөлүгү ("Бирөөнүн мүлкүн мыйзамсыз тартып алуу ") боюнча козголгон кылмыш иши мөөнөтү өтүп кеткенине байланыштуу өндүрүштөн кыскартылган.
Досонов кылмыш жолу менен табылган кирешелерди адалдаштыруу беренеси боюнча дагы акталды. Буга анын аракетинде кылмыштын курамы жок экени себеп болгону белгиленди.
Өкүмгө нааразы тарап 30 күндүн ичинде Ош облустук сотуна апелляциялык тартипте даттанууга укуктуу.
Баңгизат каналына тиешеси бар. "Женгого" таандык кылмыштуу топтун үч мүчөсү кармалды