Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Сенатор Пушков: Батыш санкциялардан кыйналып жатканын мойнуна алуудан коркот

Россия президенти АКШ менен Европанын негизги максаты миллиондогон адамдардын жашоосун начарлатуу экенин айтып келет.
Sputnik
БИШКЕК, 14-июн. — Sputnik. Батыш Россияны санкциялар менен обочолонтуу аракети өз экономикасына зыян келтирип жатканын моюнга алуудан коркот. Бул тууралуу сенатор Алексей Пушковго шилтеме берип РИА Новости жазды.
Саясатчы АКШ өкмөтү россиялык жер семирткичке байланыштуу кырдаалга өзгөчө көңүл буруп, аларды америкалык компаниялардын жашыруун сатып алуусун тымызын кубаттап жатканын билдирди. Пушковдун айтымында, бул жагдай — мамлекеттер Москвага багытталган чектөөлөрүнө өздөрү туруштук бере албай жатканынын анык мисалы.
"Россияны обочолонтуу аракети Батыш үчүн кымбатка түшөт. Алар муну түшүнүшкөн, бирок мойнуна алуудан коркуп жатышат. Айласыздан мыйзамсыз схемаларды колдоно башташты", — деди сенатор.
Батыш Украинадагы аскерий операция башталгандан кийин Москвага каршы санкциялык кысымын күчөткөн. Евробиримдик буга чейин санкциялардын алтынчы пакетин жарыялап, көмүр жана мунай импортуна акырындык менен эмбарго киргизип жатат.
Россия президенти Владимир Путин РФти ооздуктоо жана алсыздандыруу саясаты Батыш үчүн узак мөөнөттүү стратегия экенин айтууда. Ошондой эле ал АКШ менен Европанын негизги максаты миллиондогон адамдардын жашоосун начарлатуу экенин кошумчалаган.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Кризистен өздөрү тажады! Украинанын коргоо министри Европаны айыптоодо